Адистик боюнча сабактар
Биринчи семестрде катышуучулар өз адистигине байланыштуу предмет боюнча жергиликтүү студенттер менен бирге сабактарга барышат. Курсту тандоодо катышуучуларга программанын ишмерлери жардам беришет.
Практикадан өтүү
Экинчи семестрде катышуучулар өз адистигине байланыштуу сферада иштеген эл аралык же жергиликтүү уюмдарда практика өтүшөт. Америкалык Кеңештердин кызматкерлери ушул уюмдарга барып, катышуучуларга колдоо көрсөтүшөт дагы, келерки катышуучулар үчүн орун даярдап турушат.
Маданий программа
Борбордук Азиянын жаратылышы түрдүү жана ажайып. Бул жерде аска тоолор да, көз жеткис талаалар да, кумдуу чөлдөр да бар. Борбордук Азиянын жаратылышын изилдөө бул жерди билүүнүн жана анда жашаган элдердин тилдерин, маданиятын, тарыхын таануунун эң мыкты жолу. Муну түшүнүп, биз экскурсияларды жана көптөгөн башка салтанаттарды программанын эң маанилүү компоненттердин бири катары аныктадык.
Экскурсиялар
Бул программа боюнча катышуучулар Борбордук Азияда чоң жана чакан экскурсияларга бара алышат. Аларды жаратылышы өтө кооз жерлерге, тарыхый эстеликтерге, спорттук мелдешүүлөргө, салттык тойлорго алып барышы мүмкүн. Мындай иштер катышуучуларга тил үйрөнүүсүнө гана жардам бербестен, Борбордук Азияда жашаган элдердин маданияты жана тарыхы жөнүндө билип алууга көмөктөшөт.
ПКабыл алуучу үй-бүлөлөрдө жашоо
Катышуучуларды кабыл алуучу үй-бүлөлөр менен жайгаштыруу практикасы биринчи 1993-жылы киргизилген; андан бери бул практика ар кандай программаларда кенен колдонулат. Бул катышуучуларга тандаган өлкөнүн тилдик, турмуштук жана маданий айланасына кирүүнү камсыз кылат дагы, программанын жалпы эффективдүүлүгүнө позитивдүү таасир этет.
АКСЕЛС кызматерлери кабыл алуучу үй-бүлөлөрдү абдан кылдаттык менен тандашат. Төмөнкү критерийлер эсепке алынат: коопсуздук, катышуучунун окуу жерине жакындык, жалпы жашоо-тиричилик шарттары. Ошондой эле кабыл алуучу үй-бүлөлөр катышуучунун кызыгууларын бөлүшө турганы абдан маанилүү болуп эсептелет.
Программаны каржылоо
Программа катышуучулардын бардык керек болгон акча каражаттарын төлөп берет. Арыз формасын жана толук маалыматты Эл аралык билим берүү Институтунун электрондук барагынын табууга болот.
Ошондой эле сарпталуучу каражаттардын бөлүгүн АКШ мамлекеттик Департаменти Америкалык Кеңештеринин регионалдык өкүлчүлүктөрү (Title VIII программасы) жана АКШ билим берүү Департаменти (Fulbright-Hays программасы) аркылуу жабышы мүмкүн. Бул программалар жөнүндө көбүрөөк маалымат төмөнкү электрондук дарек боюнча жайгашкан:
flagship@americancouncils.org.
Финансылык колдоонун башка булактары
Катышуучулар кошумча каржылоону АКШда өзүнүн иштеген же окуган мекемелеринен да тапса болот. Буларда эл аралык окуу программаларга катышкан студенттер жана кызматкерлер үчүн финансылык жардам берүү боюнча программалары бар болушу мүмкүн. Катышуучулар программага документтерин тапшыруудан мурда ушул кошумча каржылоо булактары жөнүндө билип алышы керек. Ар мекеменин финансылык колдоону алыш үчүн талаптарга ылайыктуу болуу – бул катышуучулардын өзүлөрүнүн жоопкерчилиги болуп эсептелет.
Байланыш маалыматы
Бул программа Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык Кеңештер тарабынан жетектелет.