Кыргызча | Русский | English  


Жогорку окуу жай мугалимдеринин өнүгүү программасы (JFDP)




Жогорку окуу жай мугалимдеринин өнүгүү программасы (JFDP) АКШ мамлекеттик Департаментинин билим берүү жана маданий программалары боюнча Бюросуна карайт жана Эл аралык билим берүү Америкалык Кеңештер (АКСЕЛС) тарабынан ишке ашырылат.

JFDP программасы ЖОЖдордун мугалимдерине бир семестр ичинде америкалык ЖОЖдордо окуп жана иштеп өз квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Программага гуманитардык жана социалдык адистиктердеги мугалимдер катыша алышат.

Конкурска Албания, Армения, Азербайжан, Босния жана Герцеговина, Хорватия, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Македония, Сербия жана Черногория, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын атуулдары, ошондой эле Косовонун тургундары катыша алышат.

Программага катышуу үчүн, кандидаттар төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
  • жогорку билимге ээ болуу;
  • учурда ЖОЖдун мугалими болуу;
  • жок дегенде эки жылдык ЖОЖдо окутуу тажрыйбасына ээ болуу;
  • англис тилин билүү.
JFDP программасынын биринчи жана эң негизги максаты – жогоруда аталган өлкөлөрдүн мугалимдерине алардын билим тармагында окутууну камсыздыруу. Ошондой эле, программа катышуучуларынын өз ЖОЖдору менен Америкадагы ЖОЖдордун арасында кызматташтыкты уюштуруу жана өнүктүрүү аракеттерин колдойт. JFDP катышуучулары кабыл алуучу университеттеринин мугалимдери менен тыгыз байланышта иштешет, өз билимин жогорулатышат, жаңы окуу материалдар жана ресурстар менен таанышышат жана кабыл алуучу университеттердин мугалимдерине, студенттерине өз өлкөлөрү жөнүндө маалымат беришет. АКШда жашаган убакытынын ичинде алар ар кандай курстарга, изилдөөлөргө, конференцияларга катышышат. Мындан тышкары, кабыл алуучу университет аларды бир сабакты окутууга сунуш кылышы мүмкүн. Программа бүтөөрү менен катышуучулар эч кандай окуу даража же кредит алышпайт. Программа аяктаганда, бардык катышуучулар өз өлкөлөрүнө сөзсүз түрдө кайтып келиши керек.

Программанын ар бир катышуучусу АКШда беш айга жакын убакыт өткөрөт (болжолу менен январдан май айына чейин). Америкалык Кеңештер катышуучуларды кабыл алуучу университеттерге жайгаштырып, аларга программанын аякталышына чейин колдоо көрсөтөт. Программа катышуучулардын жол кирелерин жана страховкаларын төлөйт, ошондой эле аларга ай сайын стипендия берилет. Мындан тышкары, программада профессионалдык өнүгүү фонду бар. Үйгө кайтып келгенден кийин, катышуучулар ар кандай долбоорлорду өткөрүүдө ECA менен Америкалык Кеңештер тарабынан финансылык жардам алышат.


JFDP программасынын электрондук барагы: http://www.jfdp.org/.