Кыргызча | Русский | English  

КРдин жарандары үчүн программалар


Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык Кеңештер Кыргыз Республикасында 1993 жылдан бери иш алып барат. Биз кесиптик жана билим алуу/маданияттык өнүгүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү беребиз. Кыргыз Республикасында биз төмөнкү программаларды иштетебиз:



Программа «Коомчулукту байланыштыруу» программасы - Кыргызстандагы ар кыл сферадагы ишмерлерине арналган атайын АКШнын кыска мөөнөттүк тренинг программаларына катышууга мүмкүнчүлүк берет. «Коомчулукту байланыштыруу» проограммасы АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агентствосу (USAID) тарабынан каржыланат.



Программа обмена «Болочок лидерлердин тажрыйба алмашуу» программасы (FLEX) - орто мектепте окуган окуучулардын Америкалык үйбүлөлөрдө жашашына жана америкалык орто мектепте бир окуу жылы окуу үчүн стипендия менен камсыз кылат. FLEX АКШ мамлекеттик департаментинин билим жана маданият иштери боюнча Бюросу тарабынан каржыланат.



«Жогорку окуу жай мугалимдеринин өнүгүү» программасы (JFDP) – жогорку окуу жайларда иштеген профессорлорго жана мугалимдерге окутуу усулдарын жана жаңы окуу материалдарын иштеп чыгуу үчүн АКШнын университеттеринде бир семестр бою тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берет. JFDP программасы АКШ мамлекеттик департаментинин билим жана маданият иштери боюнча Бюросу тарабынан каржыланат.



Программа «Ачык дүйнө» программасы ар кыл сферадагы лидерлерлерге атайын он күндүк тажрыйба алмашуу тренингине катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттарына барууга мүмкүнчүлүк берет. «Ачык дүйнө» программасы Кошмо Штаттардын Конгрессинин китепканасы тарабынан каржыланат.



Туркменистан – Борбордук Азиядагы Америкалык Университетинин (АУЦА) стипендия программасы (TASP) – Туркменистандын жарандарына Борбордук Азиядагы Америкалык Университетинде окууга төрт жылдык стипендия менен камсыз кылат. Программа Туркменистандагы АКШ элчилиги тарабынан каржыланат.



АКШнын Борбордук Азиядагы билим берүү Фондусунун программасы (U. S. CAEF) – Борбордук Азиядагы Америкалык Университетинде жана Казакстандын менеджмент, экономика жана прогноздоо Институтунун (КИМЭП) бизнес жана экономика факультеттеринде окуган студенттерди стипендия менен камсыз кылат, студенттерге жана мугалимдерге эл аралык практика жана кесиби боюнча өнүгүү үчүн тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берет. Программа АКШнын Борбордук Азиядагы билим берүү Фонду тарабынан каржыланат.


                        

Болгариядагы Америка Университетине студенттерди кабыл алуу: Эл аралык билим берγγ боюнча Америкалык Кеңештер Кыргыз Республикасында студенттерди Болгариядагы Америка Университетине кабыл алуу процессин көзөмөлдөйт. Болгариядагы Америка Университети Америка Кошмо Штаттарында жана Болгарияда аккредиттелген жогорку окуу жайы болуп саналат. БАУ Болгариянын Благоевград шаарында жайгашкан жеке, америкалык жана гуманитардык университети. БАУдагы гуманитардык билим берүү студенттердин сын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, аларды ар түрдүү татаал маселелерди чечүүгө даярдайт.
 

Кошумча маалымат үчүн биз менен байланышсаңыздар болот. Биздин кеңсе
дүйшөмбү – жума кундөрү, 8:30дан 17:00гө чейин ачык.


Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык Кеңештери
Тыныстанов көч. 98/1, 720000, Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы
Телефону: 0312 66-48-38, Факсы: 0312 62-15-78
http://www.americancouncils.kg